Акыйкатчы Караколдо майып адамдардын укуктарын бузуу фактыларына көңүл бурду


Кыргызстандагы акыйкатчы Джамиля Джаманбаева Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлигине мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча кайрылды. Ал инклюзивдик чөйрөнү түзүү жана Караколдо жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн авариялык көп кабаттуу үйдү капиталдык ремонттон өткөрүүнүн зарылдыгына көңүл бурду.