Казакстан чек арасында отунду мыйзамсыз чыгарууну токтотуу үчүн көзөмөлдү күчөттү

Чек арадагы өткөрмө пункттарында 59 полиция посту иштеп жатат



Казакстанда отун-май материалдарын мыйзамсыз чыгарууга каршы жаңы чаралар киргизилди. Чек арадагы 48 авто өткөрмө пунктунда 59 патрулдук полиция посту иштеп, транспорт каражаттарын көзөмөлдөө жана отунду мыйзамсыз ташуу учурларын аныктоо менен алектенет.


Өзгөчө көңүл отун бактары чоңойтулган унааларга, ошондой эле Жамбыл, Түркстан жана Мангистау облустарынын чек ара аймактарына бөлүнөт. Полиция өзгөртүлгөн конструкциядагы унааларды текшерип, тиешелүү уруксатсыз унааларды кайра жабдуу мүмкүнчүлүгү бар техникалык тейлөө станцияларын изилдейт.


Кордай айылында полиция мамлекеттик кирешелер органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте 16 СТОдо текшерүүлөрдү өткөрдү, анда кошумча отун бактары орнотулган. Рейддердин жыйынтыгында мындай объектилердин алты ээси боюнча административдик материалдар түзүлдү.


Казакстан Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы бир айда 12 тоннадан ашуун отун-май материалдарын мыйзамсыз чыгаруунун алдын алууга жетишилди. Ошондой эле кайра жабдылган бензин бактары бар 54 унаа аныкталып, алардын ээлери административдик жоопкерчиликке тартылды.


Министрликте нефтепродукттарды мыйзамсыз чыгарууга каршы иштер улантыларын жана ведомствонун жетекчилигинин атайын көзөмөлүндө болорун белгилешти.