Бишкек шаардык мэриясы бардык каалоочуларды 10 жана 11-июлда саат 19:00дө "Ынтымак-2" паркындагы амфитеатрда жандуу музыка жана жагымдуу убакыт өткөрүү менен ырахат алууга чакырат.
Бул эки күндүн ичинде чыгармачыл топтор жана таланттуу аткаруучулар катышкан бай концерттик программа өтөт. Көрүүчүлөрдү жайкы кечтин уюттуу атмосферасын жаратуучу элдик жана эстрадалык чыгармалар күтөт.