```html








Баткен облусунда 2026-жылдын түшүмүн жыйноо иштери активдүү уланууда. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү аймакта 34 107,7 гектар аянтка дан эгиндерин жыйноо пландары тууралуу маалымдады. Бул аянттын 12 746,6 гектары буудайга, 11 471,1 гектары арпага, калган жерлерге болсо жүгерини, күрүчтү жана башка дан эгиндерин себүү үчүн бөлүнгөн.

Учурда 5 000 гектардан ашык дан эгиндери жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк гектарынан 32–34 центнерди түзүүдө.