Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» уюмунун 12 мүчөсүнө тинтүү жүргүзүлдү





Бишкекте диний-экстремисттик «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдады. Аталган адамдар экстремисттик идеологияны таратууга жана тиешелүү мазмундагы материалдарды даярдоого шектелүүдө.
Коомдук бийликти күч менен басып алуу жана экстремисттик уюмду каржылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун 12 активдүү катышуучусунун жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлдү.
Тинтүү учурунда диний китептер, электрондук носителдер, анын ичинде DVD-диск, мобилдик телефон, планшет жана ноутбук алынды. Ошондой эле, дрон жана ар кандай маркадагы пневматикалык тапанча табылды.
Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана мыйзамсыз ишмердикке катышкан башка мүмкүн болгон катышуучуларды аныктоо үчүн тергөө иштери улантылууда.