9-июлда Ысык-Көл районунун Григорьевское жазыгында селдик агымдын кесепетинен жабыркаган көпүрөнү калыбына келтирүү иши өттү. Бул иш-чара жергиликтүү тургундар, малчылар жана бул аймакка келген туристтер үчүн маанилүү кадам болду.

Төтөнчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, көпүрөнү калыбына келтирүү министрликтин, Садыр Аке атындагы айыл өкмөтүнүн жана China Road компаниясынын адистеринин жана техникаларынын кызматташтыгынын натыйжасында мүмкүн болду.