Европалык эксперттер Кыргызстандагы урологдорду бекер окутушат


Кыргызстанда саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун Бельгия, Германия жана Түркиядан келген эл аралык урология жана андрология адистери менен жолугушуусу өттү. Талкууланган негизги тема өлкөдөгү урологиялык кызматты өнүктүрүү, медициналык кадрларды окутуу, заманбап технологияларды киргизүү жана ушул тармакта эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү болду.