Ош шаарында жапайы каннабисти жок кылуу иш-чаралары өттү
Ош шаарында жапайы каннабисти жок кылуу жана синтетикалык наркотиктердин, айрыкча интернет жана социалдык тармактар аркылуу жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар өттү.

Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, иштер Жапалак, Кызыл-Кыштак айылдарында жана Манас-Ата аймагында уюштурулган. Акцияга жергиликтүү тургундар жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып, наркотиктер менен биргелешип күрөшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.