
Жайкы мезгил курч ичеги инфекциялары жана тамак-аштан уулануу коркунучунун жогорулашы менен мүнөздөлөт. Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борбору тамак-аштын коопсуздугу тууралуу мифтердин кандай олуттуу ден соолук көйгөйлөрүнө алып келиши мүмкүн экенин жана мындай оорулардан кантип туура коргонуу керектигин түшүндүрүштү.
Жемиштердин бышып жетилгенине байланыштуу коркунучтуу мифтер
Арбуздун бышып жетилгенин базарда текшерүү үчүн андан кичинекей кесим кесүү эң кеңири таралган жаңылыштык болуп саналат. Мындай ыкма инфекцияларга алып келиши мүмкүн, анткени саткан адам колдонгон бычак ар дайым стерилдүү эмес, ал эми жемиштин кабыгында миллиондогон бактериялар болушу мүмкүн. Арбузду чийгенде микроорганизмдер этине кирип, жылуу чөйрөдө тез көбөйө баштайт.