
Ноокат – Папан автожолунун 5 километр узундуктагы участогунда асфальтобетон жабындысы төшөлдү. Бул тууралуу маалымат Транспорт жана байланыш министрлигинен алынды. Жумуштар 2026-жылга бекитилген титулдук тизмеге ылайык аткарылды. Проект Жол эксплуатациялоо ишканасы №37 тарабынан ишке ашырылды.