Ноокат райондук бөлүмүндө транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо мамлекеттик борборунда пара берүү аракетинин алдын алынды. 8-июлда, практикалык экзамен аяктагандан кийин, курстун бир окуучусунун атасы борбордун кызматкерине сынакты ийгиликтүү тапшырууга жардам берүү үчүн 7 миң сом сунуштады.

Борбордун кызматкери мыйзамсыз сыйлыкты кабыл алуудан баш тартты жана дароо «102» кызматына окуя тууралуу билдирди. Кыска убакыттан кийин жерине укук коргоо органдары келип, зарыл болгон процессуалдык иш-чараларды өткөрүштү.