Эрдоган НАТОнун лидерлерине аттуу тапанча тартуулады

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган НАТО саммитинен кийин Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге, Евросоветтин төрагасы Антониу Коштага жана башка жогорку деңгээлдеги европалык саясий ишмерлерге жеке гравировкасы бар тапанча жана согуштук патрондорду белек кылды, деп билдирет Politico маалымдар булактарга таянып.
Антониу Коштага караштуу коопсуздук кызматы куралды текшерүү үчүн алып койду. Европалык чиновниктер Бельгиядагы куралдын катуу эрежелери себептүү, ал жана фон дер Ляйен белекке берилген тапанчаларды өздөрүндө сактай албайт деп белгилешүүдө.

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Нидерланд өкмөтүнүн башчысы Роб Йеттен белекке берилген тапанчаларды Түркияда калтырып, аларды модификациялап, ок атууга жараксыз кылуу чечимин кабыл алышты. Нидерланд өкмөтүнүн өкүлү Йеттенин тапанчасын Анкарадагы элчиликте калганын тастыктады.