




Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү Бакыт Торобаев Каракол – Эңилчек жолунун курулуш процессин текшерүү үчүн жумушчу сапар менен чыкты. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн маалымат кызматынан берилди.
Курулуш участокторуна болгон сапарында Торобаев жумуштун темпин текшерип, объектилерди карап чыгып, подрядчиктерден жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн долбоордун ишке ашырылышы боюнча отчетторду угуп алды.