
Кыргызстандык окуучулар 13-июнда ИИ боюнча Азия-Тынч океан олимпиадасына (APOAI 2026) катышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. Бул эл аралык мелдешке Азия-Тынч океан аймагынын 18 өлкөсүнөн жана регионунан 128 окуучу катышты.
Кыргызстандын командасы мыкты жыйынтык көрсөтүп, күмүш медаль, коло медаль жана ардак грамотаны утуп алды. Наградалар төмөнкү катышуучуларга тапшырылды: