Кыргызстандын Студенттер ассоциациясынын президенти Бектан Кыдыев “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун алдындагы Impact Team — 2050 эл аралык жаштар консультациялык кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Ал аталган кеңеште бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн атынан өкүлчүлүк кылат.