Экс-министр Британия мурдагы колониялардан Лондонго репарация төлөөнү талап кылды
Экс-ички иштер министри Сюэлла Браверман Британиянын мурдагы колонияларынан Лондонго «инвестиция, аракет жана салым» үчүн репарация төлөөнү талап кылды. Бул билдирүү Ямайка парламентинин мүчөсү тарабынан көтөрүлгөн репарация тууралуу талкууга жооп катары айтылды.

Браверман X социалдык тармагында: «Британ империясы дүйнөгө көп жакшылык алып келди» деп белгиледи. Ал британ өкмөтү бул маселени чындап карап жатса, мурдагы колониялар Британияга көптөгөн азыркы гүлдөгөн демократияларды түзүүгө көмөктөшкөн маанилүү инвестициялар жана аракеттер үчүн карызын кайтаруусу керектигин кошумчалады.