Россияда чет элдиктер менен мобилдик байланыш келишимдерин IMEI-кодун көрсөтпөй же телефон жөнүндө жалган маалымат берип түзгөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Мамлекеттик Думанын тиешелүү өзгөртүүлөрдү Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине киргизгендиги тууралуу «Россиянская газета» маалымдады.
Бул чаралар, сатуучу чет элдикке сим-картаны каттаганда, келишимде ошол сим-карта колдонулуучу телефондун IMEI-кодун көрсөтпөй же ал тууралуу жалган маалымат киргизген учурларга тиешелүү.