Бишкекте №54 орто мектебинин жанында жайгашкан скверди жакшыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. Реконструкция долбоору 1,3 гектар аянтты камтыйт.
Жакшыртуу алкагында эс алуу үчүн ар түрдүү зоналар каралган, анын ичинде балдар үчүн оюн аянтчасы, воркаут-зонасы, амфитеатр, ошондой эле жөө адамдар жана велосипед жолдору. Ошондой эле автоунаалар үчүн токтотуучу зона уюштурулат.