Ысык-Көл облусунда 8,2 миңден ашык сурок бар

Ысык-Көлдө суроктордун саны эсептелип, 8 257 жаныбар катталды. Мындай маалыматтарды Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги берди.
Эсептөө иштери Ысык-Көл облустук экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер алдын ала пландалган маршруттар боюнча байкоо жүргүзүшүп, бул жапайы жаныбарлардын саны тууралуу маалыматтарды чогултуп, алардын жашоо шарттарын баалашты.

Эсептөө министрликтин буйругу менен бекитилген Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин саны боюнча эсепке алуу боюнча нускамасына ылайык жүргүзүлдү.