
Негизги көңүл кыргыз тилине, географияга жана тарыхка 12 жылдык билим берүү системасына өтүү алкагында
Бишкекте «Кыргыз тили», «География» жана «Тарых» предметтерин модернизациялоого арналган тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара президенттин басма сөз кызматынын колдоосу менен уюштурулду.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана улуттук баалуулуктарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал тарыхый эстүүлүктү сактоо жана жаштар арасында патриоттук аң-сезимди калыптандыруу мамлекеттик саясаттын негизги аспекттери экенин айтты.
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар 12 жылдык жалпы билим берүү моделине ылайык заманбап окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуунун идеологиялык жана мазмундук негиздерине көңүл бурушту.
«Кыргыз тили», «География» жана «Тарых» предметтеринин мазмунун жакшыртуу боюнча сунуштарга өзгөчө көңүл бөлүндү. Окуу материалдарынын илимий негиздүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, окуучулардын функционалдык грамоталуугун өнүктүрүү жана билим берүү процессине компетенттүүлүккө негизделген подходду киргизүү маселелери талкууланды.