Амфитеатр, веложолдор жана эс алуу зоналары: №54 мектептеги сквер кандай болот

Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы №54 орто мектебинин жанындагы скверди көрктөндүрүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүүдө. Бул долбоордун алкагында 1,3 гектар аянтты реконструкциялоо пландалууда, анын максаты — шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап, коопсуз жана жагымдуу коомдук эс алуу мейкиндигин түзүү.

Жаңыланган сквердин аймагында эс алуу зоналары, балдар оюн аянтчасы, воркаут аянтчасы, амфитеатр, ошондой эле жөө жана веложолдор уюштурулат. Мындан тышкары, коноктор үчүн ыңгайлуу автоунаа токтотуучу жай каралган.