“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коому 11 ирет акцияларын чыгаруу менен өзүнүн уставдык капиталын 22,6 млрд сомго жеткирди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы кабарлады.2024-жылдагы маалымат боюнча компаниянын уставдык капиталы 18,2 млрд сом болчу. Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Министрлер кабинети 2022-жылдын 31-майындагы чечими менен түзүлгөн. Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган. Кийин анын...