Ош шаарында мэр Жанарбек Акаев «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Жылдызбек Кочконов менен жолугушту. Талкууланган негизги темалар шаардагы санитардык абал, ошондой эле таштанды чыгаруу жана кардарлар базасын кеңейтүү маселелери болду. Жолугушуунун жүрүшүндө мэр бүгүнкү күндө катталган абоненттердин саны 387 миңден ашканын, бирок шаардагы жашоочулардын чыныгы саны кыйла жогору экенин белгиледи. Ошондуктан мэр сентябрь айынын аягына чейин абоненттердин санын 425 миңге чейин көбөйтүү тапшырмасын койду.
Мэр тазалоо кызматтарына убагында төлөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул шаардагы тазалыкты сактоонун негизги шарты экенин айтты.