Бүгүн, 10-июлда, Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Канат Сагынбаев жарандарды кабыл алды. Жолугушууда «Шанс» кризистик борборунун өкүлдөрү аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорго катышкан социалдык кызматкерлердин эмгек акысы боюнча карыз маселесин көтөрүштү.
Бул маселе боюнча талкуулоонун жыйынтыгында министр эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана текшерүү кызматына кырдаалды терең изилдөө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.