Июнь айында Германияда экстремалдуу ысыкта 5 100 адам каза болду, бул тууралуу Роберт Кох институтунун (RKI) маалыматы 9-июлда жарыяланды. Июнь айынын акыркы аптасында 4 300дөн ашык өлүм катталганын DW билдирет.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, чыныгы сандар дагы жогору болушу мүмкүн. Федералдык статистика башкармалыгы ысык аптада (22-июндан 28-июнга чейин) ашыкча өлүмдү 6 800 учур деп баалайт, бул күтүлгөн деңгээлден бир нече миңге жогору.