9-июлга караган түнү орус армиясы украин аймагын "Искандер-М" үлгүсүндөгү эки баллистикалык ракета жана 94 дрон менен аткылаганын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы билдирди. Анын алдыңкы күнү Сумы облусу 24 сааттын ичинде 50 жолу соккуга туш болгону маалымдалды.