Ош шаардык мэриясынын аткарылган жана аткарылып жаткан курулуштарга байланыштуу жеке ишкерлерге карызы 3 млрд сомго жакын деп аныкталды. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 9-июлда өкмөт мүчөлөрүнүн бир күндүк ишин көрсөтүү өнөктүгүнүн алкагында журналисттерге маек берип жатып айтты.“Сумма так аныкталды. Бардык карыз 3 млрд сомго жакын акча деп эсептелди. Жалпы 100дөн ашык объект бар экен, анын чоң-чоң саналган 24 объектисин биз,...