68-чи Ассамблеянын жыйынында, дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун мүчө мамлекеттеринин жыйыны Женевада өтүп жатканда, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Түштүк Кореянын интеллектуалдык менчик министри Ким Ён Сон менен жолукту. Талкуу Кыргызстан менен Түштүк Кореянын интеллектуалдык менчик, илим жана инновациялар тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө, ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын коммерциялаштырууга арналды.

Тараптар Кореянын ойлоп табууларды илгерилетүү ассоциациясынын (KIPA) колдоосу менен биргелешкен долбоорлордун оң натыйжаларын белгилешти жана инновациялык технологияларды киргизүүгө жана интеллектуалдык менчик тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди талкуулашты.
Интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу, университеттерде аны башкаруу жана ушул тармактагы санариптик трансформация маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун катышуучулары экспертизада жасалма интеллектти колдонуу жана ушул тармакта адистерди даярдоо маселелерин талкуулашты.