Иссык-Куль облусунда 41 миңден ашык сурк эсепке алынды

Иссык-Куль облусунда сурктардын саны боюнча эсептөөлөр аяктады, анын жыйынтыгында 41 286 жаныбар катталды. Бул маалыматты Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги берди.


Иш-чараны уюштуруу Иссык-Куль облустук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, бул жаратылышты коргоо үчүн жабайы жаныбарлардын популяцияларын мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт.


Адистер бекитилген маршруттар боюнча талаа байкоолорун жүргүзүп, сурктардын саны жана алардын табигый жашоо чөйрөсүнүн абалы боюнча маалыматтарды топтошту.


Эсептоо Табигый ресурстар министрлигинин буйругу менен бекитилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин санын эсептөө боюнча Нускамасына ылайык жүргүзүлдү.