
Ысык-Көл облусунун Джети-Огуз районунун билим берүү тармагынын өкүлдөрү билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу максатында Жапонияга барышты. Бул жумушчу сапар Япониянын IKIGAIDO компаниясынын чакыруусу менен уюштурулган, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Делегациянын курамына райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, ошондой эле мектептердин жана бала бакчалардын директорлору, педагогдор кирди.
Сапар учурунда катышуучулар Жапониянын мамлекеттик жана жеке билим берүү мекемелеринин иши менен таанышышты. Окутуу процессин уюштуруу, педагогдорду колдоо, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо, санитардык нормаларды сактоо жана мектеп тамактануусун уюштуруу боюнча атайын көңүл бурулду.