```html














Президенттин атайын өкүлү Бакыт Торобаев профилдик жетекчилер менен биргеликте Барскоон — Бедель жолундагы курулуш иштерин текшерди. Бул иш-чара мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу алкагында өткөрүлдү.
Транспорт жана байланыш министри Талантбек Солтобаев жумушчу сапар учурунда трассанын негизги бөлүктөрүн жана туннелдерди текшерип, China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясынан маалымат угушканын билдирди.
Туннелдерди курууга өзгөчө көңүл бурулду: биринчи туннелде (Соок) негизги шахтаны өткөрүү 75,8 метрден 365 метрге чейин, ал эми пилоттук туннель 155,3 метрден 466,2 метрге чейин узартылды. Экинчи туннелде (Ашуу-Суу) негизги иштер 19,2 метрден 270,2 метрге, пилоттук туннель 76,8 метрден 361,4 метрге чейин улантылууда.

161 км узундуктагы трассанын боюна 1 700дөн ашык жумушчу жана 814 техника активдүү тартылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча подрядчы уюмдарга иштерди жогорку деңгээлде жана белгиленген мөөнөттө аяктоону, коопсуздук талаптарын так сактоону жана керектүү ресурстар менен камсыздоону тапшырды.