Бишкекте «Кара-Куурай» операциясы учурунда 3 тонна 500 килограмм жапайы өскөн каннабис жок кылынды.
Башкы шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул наркотикти камтыган өсүмдүктүн өскөн жерлери профилактикалык иш-чаралар учурунда табылган. Каннабисти механикалык каражаттар менен кесип, андан кийин өрттөшкөн.




«Кара-Куурай» операциясы республикалык Ички иштер министрлигинин «МАК-2026» иш-чарасынын алкагында уюштурулган. Биринчи этап 6-июлдан 11-июлга чейин өтөт.