«Түндүк» тиркемеси, ошондой эле мамлекеттик кызматтар порталы жана Бирдиктүү идентификация системасы (БИС) аркылуу авторизацияны талап кылган башка кызматтар 10-июль күнү саат 21:00дөн 11-июль күнү саат 10:00гө чейин жеткиликтүү болбойт. Бул чектөө БИСте пландалган техникалык иштерди жүргүзүү менен байланыштуу, бул тууралуу «Түндүк» ААК маалымдады.