2026-жылдын аягына чейин Кыргызстандагы Сокулук районунда 58,8 чакырым жолду асфальттоо пландалууда. Учурда Транспорт жана байланыш министрлиги бир нече участкелерде курулуш жана реконструкция иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Манас — Камышановка автожолунда 10 чакырымга асфальт төшөлүшү пландалууда, анын 3 чакырымы боюнча иштер аякталды. Ошондой эле Луговое — Ат-Башинский канал трассасынын 7 чакырымдык участкасында асфальт төшөө иштери башталды.