20 жылча мурдараак ооруканада балдарына иммундук жетишсиздик вирусун – ВИЧ илдетин жапырт жуктурган ата-энелер Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын, орус президенти Владимир Путиндин жана башка белгилүү адамдардын беткабы менен Ошто нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы кабарлады.10-июлда Ош облустук ооруканасынасынын алдында чогулган 50гө жакын эне өкмөт өкүлдөрү жана дарыгерлер менен жолуктурууну талап кылышты. Алар буга чейин берилген убадалар...