Ошто дыйканга кол көтөргөнгөн соң кармалган төрт соодагердин убактылуу жайга камалган үчөө да үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады."Сот шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасын тандоодо алардын мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгын, карамагында жашы жете элек балдарын жана жабырлануучу тарап менен жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөнүн эске алган", – деп айтылат маалыматта. Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарындагы базарлардын...