



9-июлдан 12-июлга чейин Кыргызстанда Франциянын Куралдуу Күчтөрүнүн адистеринин жумушчу визити өтүүдө. КРнын Коргоо министрлиги билдиргендей, визит учурунда чет өлкөлүк адистер кыргыз аскерлеринин тоо даярдыгы менен таанышып, биргелешкен тренингдерди өткөрүүнүн келечегин изилдешет.
Министрлик бул визит Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу аскердик кызматташтыктын бир бөлүгү экенин, аскер кызматкерлерин тоо шарттарында иш алып барууга даярдоодо өз ара аракеттешүүнү жана алдыңкы тажрыйбаны алмашууну күчөтүүгө багытталганын тактады.