Португалиялык арбитр Жоау Пинейру 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Аргентина менен Швейцариянын ортосундагы оюнду башкаруучу негизги судья болот. Бул тууралуу ФИФА билдирет.
Пинейрудун жардамчысы катары анын өлкөлаштары Бруну Жезуш жана Лучану Майя кызмат кылат. Төртүнчү судья катары швейцариялык Дрю Фишер дайындалды, ал эми резервдик жардамчы Майкл Барвеген болот.

Аргентина - Швейцария беттеши 12-июлда Канзас-Сити шаарында өтөт жана Бишкек убактысы боюнча таңкы 7де башталат.