Кичи-Суусамырда эки аңчынын куралдары алынып, айып пулдар салынды

Кичи-Суусамыр жайытында текшерүүлөрдүн жүрүшүндө экологиялык мыйзамдардын бузулушунун үч фактысы аныкталды. Бул Кыргызстандын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан тастыкталды.
Чүй облустук экология министрлигинин кызматкерлери, NABU Кыргызстан уюмунун «Барс» тобунун өкүлдөрү менен биргеликте рейд өткөрүшүп, натыйжасында эки жарандан эки эки орулуу аңчы мылтыгы алынды. Эки мыйзам бузучуга административдик протоколдор түзүлүп, 10 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, дагы бир жаран синтетикалык балык кармоо торун колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул мыйзам бузуу үчүн ага 5 500 сом айып пул салынды.