Бишкекте Чингиз Айтматов проспектиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн терезе торлору алынып жатат. Бул иштер ШОС саммити жана Көчмөндөрдүн Дүйнөлүк Оюндарына даярдык көрүү алкагында жүргүзүлүүдө, деп билдирди шаардык мэрия.

Ленин районунун орун басар акими Нурсултан Бейшенбек торлор биринчи кабаттарда коопсуздукту камсыздоо үчүн сакталат, ал эми жогорку кабаттардан алар алынып жатканын тактады.