Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) мамлекеттери менен жашыл энергетика, таза технологиялар жана водороддук инициативалар боюнча кызматташтыгын активдештирет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда НАН КР академиги Асылбек Айдаралиев ШКУ өлкөлөрүнүн жашыл энергетика боюнча III Форумунун жыйынтыктарын чыгарып жатып билдирди.
Форум ШКУ катышуучулары үчүн илимий жана билим берүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн маанилүү платформасы болуп, туруктуу энергетикага өтүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча перспективаларды талкуулоого арналган. Айдаралиев III Эл аралык форум 2026-жылдын 2-июлунда Бишкекте өтүп, аны уюштурууга Кыргызстан эл аралык университети, Улуттук илимдер академиясы жана Кытайдын Сиань шаарындагы Цзяотун университети катышканын белгиледи.