Asman Airlines авиакомпаниясы Алматы — Тамчы — Алматы багыты боюнча эл аралык рейстердин жайкы сезонун баштады, биринчи рейс 10-июлда туроператор Kompas менен кызматташтыкта өткөрүлдү.

Кыргызстандын аэропорттору акционердик коомунан билдиришкендей, Алматыдан келген жүргүнчүлөрдү «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жылуу тосуп алышты.