Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеевди тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүнүн негизинде башка жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошотту. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлаган.2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык...