20 жыл мурун Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы ооруканаларда дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ жуккан балдардын энелери мамлекеттен турак жай жана социалдык колдоо талап кылышууда. 10-июлда Ош облустук балдар ооруканасынын алдына чогулган энелер балдарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркыоуу үй берүү талабы менен бийликке кайрылышты.