
Бишкекте рейд учурунда айдоочулар зыяндуу чыгарылыштын уруксат берилген нормасын ашырганы үчүн айыпталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдирүүсүндө айтылды.
Рейд «Кок-Жар» жашоо массивинде өткөрүлүп, Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте административдик протоколдорду түзүштү. Жалпы айыптардын суммасы 22,5 миң сомду түздү.
Текшерүүнүн негизги максаты нормаларды ашырган унааларды аныктоо жана мыйзамга ылайык бузуучуларды жоопкерчиликке тартуу болду.