```html






Ош облусунун мэри Жанарбек Акаев «Жаштар креативдүү хабы» менен таанышып, борбордун иши жана жаштар үчүн берилген шарттар менен таанышып чыкты. Визит учурунда ал жаштардын демилгелерин колдоо максатында 100 миң сомдук сертификат тапшырды. Шаар башчысы бул мейкиндикти өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилеп, жаш муун үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү сунуштады.

«Биз жаштардын билим алып, чыгармачылык менен алектенүүсү жана өз идеяларын ишке ашыруусу үчүн бардык шарттарды түзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө дүйнө тез өзгөрүүдө. Жасалма интеллект, санариптик технологиялар, жаңы кесиптер жана креативдүү индустриялар убакыттын талаптарына айланды. Ош шаарындагы жаштар бул глобалдык өзгөрүүлөрдөн четте калбашы керек», - деди Жанарбек Акаев.