
«Ысык-Көл» аэропортуна учуулар жума сайын эки жолу сентябрга чейин жүргүзүлөт
Asman Airlines авиакомпаниясы, туроператор Kompas менен кызматташып, Алматы — Тамчы — Алматы эл аралык маршруту боюнча жазгы учуу программасын баштады. Биринчи рейс 10-июлда болуп, ийгиликтүү өттү.
«Ысык-Көл» Эл аралык аэропортунда биринчи жүргүнчүлөр салтанаттуу азем менен тосуп алынды. «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсы салтанатты тосуп алуу уюштуруп, улуттук кийимдердеги кыздар катышып, сезондун ачылышына байланыштуу майрамдык маанай түзүштү.
Компаниядан билдиришкендей, жазгы программа боюнча Алматы — Тамчы — Алматы маршруту боюнча рейстер 2026-жылдын сентябрына чейин жума сайын эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү жүргүзүлөт.
Бул программа Казакстан менен Ысык-Көл курорттук аймагынын ортосунда жайкы туристтик сезон учурунда ыңгайлуу авиабайланышты камсыздоого багытталган.