Токаев кайрадан талапкер боло алат. Казахстан Конституциялык сотунун чечими эмне билдирет

Эксперттердин пикири боюнча, бул чечим Казахстандагы саясий туруктуулукту бекемдейт



Казахстандын Конституциялык соту 2026-жылдын 1-июлунда күчүнө кире турган жаңы Конституцияны колдонуу тартибин расмий түрдө түшүндүрдү. Кабыл алынган токтомго ылайык, 1995-жылдагы Конституциянын күчүндө болгондо мамлекеттик кызматтарда өткөрүлгөн мөөнөттөр жаңы нормаларды колдонууда эске алынбайт. Бул жаңы редакциянын күчүнө киргенден кийин шайлоо же дайындоо биринчи болуп эсептелет дегенди билдирет. Натыйжада, учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев азыркы мөөнөтүн аяктаган соң, кайрадан мамлекет башчысы болуп шайланууга мүмкүнчүлүк алат.