Бишкекте 1-сентябрда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысы сакталуу менен эс алуу күнү деп жарыяланды. «Бишкек Арена» расмий ачылышы сентябрдын аягында өлкөнүн бардык жарандарынын катышуусунда салтанаттуу шартта өтөт, деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов.
Кыргызстандын Министрлер Кабинети 1-сентябрды Бишкек шаарындагы ар кандай мекемелердин кызматкерлерине эс алуу күнү катары белгиледи. Бул күнү эмгек акы толук сакталат. Ошондой эле жеке компанияларга жана ишканаларга бул чечимди эске алууга сунушталды.