
Кошумча легализация чет өлкөдөн келген номерлери бар транспорт каражаттары үчүн 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга киргизилген, бирок азырынча катталбаган унаалар үчүн башталат. Бул процедура M1, M1G, M2, M2G, N1, N1G жана N2 категорияларындагы унааларга тиешелүү. Бул легализация бир жолу гана жүргүзүлүп, акыркы болуп саналат. Белгиленген мөөнөттөн кийин чет өлкөлүк номерлерди легализациялоо мүмкүнчүлүгү болбойт.
— 2025-жылы чет өлкөлүк номерлери бар канча унаа легализацияланды жана дагы канча күтүлүүдө?